• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Акылбек Жамангуловдун кылмыш иши боюнча Түштүк Кореянын жараны кармалды

17 Жалган куран 2022 17:31 Бишкек Govori.TV

MegaCom компаниясынын экс-директору Акылбек Жамангуловдун кылмыш иши боюнча Түштүк Кореянын жараны Ким Вонте кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине иштеги жабырлануучу тарап Джанг Джэенг билдирген.

Анын айтымында, анын арызы боюнча кылмыш иши козголгон.

«Мен иштеген компания Кыргызстанга чоң суммадагы акча салгысы келген. 2 миллион 300 миң долларга жакын акча которулган. Иште Түштүк Кореянын дагы бир жараны Ро Донггун бар. Ким Вонте экөө акчаны алышкан. Бирок алар каражатты туура эмес болдонушан», — дейт Джанг Джэенг.

Ал эми Ким Вонтенин кармалганы тууралуу маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады. Көзөмөл органынын айтымында, Ро Донггунга карата тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгында анын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Эске салсак, Акылбек Жамангулов 12-мартта кармалган. Ал өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелүүдө.

Количество просмотров: 98