• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жамангуловдун ордуна Нурбек Тотонов келди

26 Тогуздун айы 201817:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.10.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамнгуловдун депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, мандаты Нурбек Тотоновго тапшырылды.Бул  Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечим бүгүн БШКнын отурумунда кабыл алынган. Тизмеге ылайык, мандат «Республика-Ата Журт» партиясынын тизмеси боюнча кийинки турган Нурбек Тотоновго тапшырылган.

Нурбек Тотонов 41 жашта, 2014-жылдан бери оор атлетика федерациясын жетектейт.

Эске салсак, 24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов «Мегаком» компаниясынын директору болуп дайындалган. 

Количество просмотров: 53