• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров: Акырына чейин бара албагандар биздин катардан кетүүлөрү керек

19 Баш оона 202415:00 Бишкек Govori.TV

«Эч кимдин мүдүрүлүүгө акысы жок, артка кайтууга жол жок. Олку-солку болууга жана коркууга орун жок». Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын кызматкерлери менен болгон жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымынды, Улуттук инвестициялык фонд түзүлүүдө, ал мамлекеттик ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жана кирешелүүлүгүн жогорулатуу максатында алардын консолидацияланышына багытталган.

«Менеджменттин дүйнөлүк стандарттарына жооп бере турган жаңы башкаруу куралы киргизилет. Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жөндөмдөрү жана компетенциялары бул жаңычылдыктарга дал келүүгө жана өз ара байланышта болууга тийиш. Эми кийинки деңгээлге көтөрүлүү убакыты келди. Биз ар кандай чакырыктарга жөн гана даяр экенибизди көрсөтпөстөн – биз аларды жаратууга, аныктоого, жеңүүгө убакыты келди. Акырына чейин бара албагандар биздин катардан кетүүлөрү керек», – деди Жапаров.

Количество просмотров: 132