• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Беларустун премьер-министри менен жолугушту

24 Бирдин айы 2022 23:37 Бишкек Govori.TV

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы 2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы өз ара байланыштардагы жана эки тараптуу соода динамикасындагы оң көрүнүштөрдү белгиледи.

“Өткөн жылдагы өз ара товар жүгүртүү дээрлик 72 млн АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50%га жогорулаган. Бул көрсөткүчтөр интеграциялык бирикмеге кирген биздин мамлекеттердин ортосунда орун алган потенциалга жооп бербейт. Менин пикиримде, соода жүгүртүүнү жогорулатууга умтулуубуз керек», — деди ал.

Беларустун премьер-министри Роман Головченко өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары карай чыңдоого, анын ичинде айыл чарба техникасын, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу транспортун жеткирүүгө даярдыгын билдирди.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрүү сунушталды.

Количество просмотров: 64