• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров: Бир оорукана 6800 шыпыргы, 3800 чака сатып алган

15 Бештин айы 202116:52 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча күмөн жараткан сатып алуулар жана алардын көлөмү аныкталган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам долбоорунун коомдук угуусуна катышуу учурунда билдирди.

«Маселен, ооруканалардын бири 6800 шыпыргы жана 3800 чака сатып алган. Мындан кийин аткаминерлер бул оорукананын ишин дыкат иликтеп чыгууну көздөп жатышат. Оорукана дары-дармектерди жана башка медициналык буюмдарды сатып алышы керек эле», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 3891