• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын аймактык директору менен жолугушту

26 Тогуздун айы 202114:53 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын жана Дүйнөлүк банктын кызматташуусу жана өз ара аракеттешүүсү боюнча актуалдуу маселелердин чөйрөсүн талкуулады. Атап айтканда, энергетикалык тармактагы реформаларды жүргүзүү, энергиянын жаңырып туруучу булактарын пайдаланууну кеңейтүү, күн энергиясын өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгуу маселеси талкууланды.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамды өркүндөтүүгө тийиштүү пикир алмашуу болду.

Количество просмотров: 145