• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Германиядан кайтып келди

10 Бугу 2022 12:22 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядан кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын Германиядагы дарылануусу аяктаган. Жапаров жумушка чыгып, аппараттык кеңешме өткөргөн.

Эске салссак, Акылбек Жапаров 28-апрелде Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусуна жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу жаткырылган. 3-майда ал Германияга дарылануу үчүн учуп кеткен.

Количество просмотров: 207