• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Казакстандын ИИМ Ыкчам башкаруу борборуна барды

8 Бештин айы 2021 14:27 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ыкчам башкаруу борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ыкчам башкаруу борборун түзүүнүн негизги максаты кризистик кырдаал келип чыккан учурда жана аны чечүүдө зарыл болгон ыкчам маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана каттоого алуу жана аны талдоону автоматташтыруу болуп саналат (кылмыш, жол-транспорт кырсыктары).

Мекеменин иш процессине жогорку технологиялык жана жогорку интеллектуалдык чечимдер киргизилген, ал эми программалык камсыздоо –казакстандык адистердин эксклюзивдүү иштеп чыгуусу.

Бул тутумдун жардамы менен жалпы укук бузуулардын 60%ы аныкталып, ошондой эле 33 миңден ашуун укук бузуулар катталган.

«Акыркы убакта биз жарандардын коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү санариптештирүү жана башка заманбап ыкмалар аркылуу чечүү жөнүндө көп айтып жатабыз. Аталган борбор ар бир тургун өзүн толугу менен коопсуздукта сезиши үчүн олуттуу инструмент болуп саналат», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 93