• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Казакстанга жумушчу сапары менен барат

6 Бештин айы 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргызстандагы Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды. 

Элчи Рапиль Жошыбаев белгилегендей, Министрлер кабинетинин төрагасынын жумушчу сапарын жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. 

Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында казак инвестицияларын тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 108