• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Акылбек Жапаров кышкыга кам көрө баштады

23 Теке 202411:05 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборуна барып, модернизацияланган блоктордун жана көмүр кампасынын абалы менен таанышты. ЖЭБдеги актуалдуу маселелер боюнча тиешелүү органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди.

“Биздин борборубуздун энергетикалык туруктуулугун камсыз кылууда Бишкек Жылуулук электр борбору негизги ролду ойнойт. Жылытуу мезгилин ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык техникалык жана уюштуруу чаралары өз убагында көрүлөт деп ишенишибиз керек. Бул бардык тиешелүү кызматтар менен ведомстволордун координацияланган иштешин талап кылат”, — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 83