• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

10 Жетинин айы 20219:23 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады жана үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Кайчылаш жылын жабуу салтанатын Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.

Ошондой эле Россия тарап Кыргыз Республикасында салык башкаруу тутумун өнүктүрүүдө, маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүүдө техникалык жана программалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Количество просмотров: 161