• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Акылбек Жапаров облус башчы жана район акимдерине бир катар тапшырмаларды берди

17 Аяк оона 2022 15:33 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдери менен видео байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Баткен облусуна өлкөнүн бардык аймактарынан гуманитардык жардамдарды чогултуу жана жеткирүү иштерин уюштуруу зарыл. Кыргыз эли эзелтеден кыйын учурларда биримдикте болуп, бири-бирине жардам берип, колдоо көрсөтүп келген. Азыр жардам берүүнү каалаган жарандар көп болгондуктан, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарын ачуу жана аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө борборлоштурулган түрдө Баткен облусуна жеткирүүнү камсыз кылуу маанилүү», — деди ал.

Акылбек Жапаров район акимдери менен шаар мэрлерине каза болгон жарандарды акыркы сапарга узатуу иш-чараларын уюштурууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүнү тапшырды.

«Сөөк коюу жөрөлгөсү каада-салтка ылайык, бардык сый-урмат менен уюштурулушу керек», — деди ал.

Жапаров жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери аймактардагы коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлгө алуусу зарыл экендигин кошумчалады.

Количество просмотров: 377