• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акылбек Жапаров ооруканага түштү

28 Чын куран 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн. Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган.

«Учурда Министрлер кабинетинин башчысынын ден соолугунун абалы туруктуу, канааттандырарлык. Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1375