Кечээ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жыйын өткөрүп, анда мамлекеттүүлүгүбүздү сактоо жана бекемдөө бир мүнөткө да токтобосу керектигин билдирди. Анын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө байланышкан сөзүн кыскартуу менен беребиз.
«Отуз жыл үч жылга сыйдырылды. Мен азыркы тарыхый кырдаалды ушундай аныктайт элем. Бул президенттин жана анын командасы үчүн сыймыктана турган нерсе. Биринчиден, өлкө үчүн коюлган темп азыркы дүйнөнүн коогалаңына карабай Кыргызстандын өз абалын сактап калышына шарт түздү”.
“Бизден мурункулар кетирген катачылыктарга карабай аруу ойлорго ишеним бар. Мындай мамиле тарыхый жактан туура, ошондой эле келечектүү. Ал улуттук ынтымактын жана биримдиктин пайдубалын түптөйт – өлкөнүн бар болушунун гана эмес, прогрессивдүү өнүгүүсүнүн да кепилдиги. Президентибиз өзүнөн мурунку президенттердин баарын бир дасторконго чогултуп жатканда дал ушул ойлорду билдирген. Бул жагынан мен өз кезегинде мага чейин иштегендердин баарына ыраазымын. Анткени алар топтогон оң да, терс да тажрыйба азыркы Министрлер Кабинетинин ишинин өзөгүн түзөт”.
«Келечек муундардын алдындагы биздин милдет – улуу муун жаратканды сактоо жана өнүктүрүү. Биз ошон үчүн эс албайбыз. Биз Фрэнсис Фукуяма сыяктуу тарых бүттү деп ойлобошубуз керек. Мамлекеттүүлүгүбүздү сактоо жана бекемдөө иштеринде бир мүнөткө да токтобойбуз».
«Азыркы дүйнө акыркы жарым кылымда болуп көрбөгөндөй күтүүсүз жана коркунучтуу. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон дүйнөлүк түзүлүш кайрадан өзгөрүүдө. Экономика, диндер жана идеологиялар ортосундагы атаандаштык, алдыңкы дүйнөлүк державалардын таасир көрсөтүү үчүн айыгышкан күрөшү — бул чындыктардын бардыгы бизге жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдөн кем эмес кыйынчылыкты жаратат. Биз алардын эмгегинен үлгү алышыбыз керек — бул кайраттуулук, чечкиндүүлүк жана алысты көрө билүү».
«Эгемендүүлүк алгандан бери биз көптөгөн «оюндарды ойнодук»: капиталды примитивдүү топтоо, жапайы капитализм, туура эмес түшүнгөн либерализм. Тилекке каршы, мунун баары тарыхый, экономикалык, географиялык абалды эске албайт. Биз бала болсок да чоңдорду туурадык, тилекке каршы көкүрөк бош эле. Бирок, бизде тезирээк жетилип, чоңойгондон башка жол жок болчу.
Эки жыл мурун Кумтөр кенин элге кайтарып бергенбиз. Мен муну өлкөнүн эгемендигинин тарыхындагы чечүүчү этап деп эсептейм. Анын мааниси материалдык планда гана эмес, алтын сыяктуу субстанцияга карата канчалык кызыктай көрүнбөсүн, рухий жактан да туура. Кийинчерээк ал коррупциянын рак шишигине айланып, жашообуздун бардык чөйрөсүнө дарт катары тарады. Мындай шарттарда хирургиялык кийлигишүү гана зарыл болчу. Дал ушул шишиктин жоюлушу менен Кыргызстандын турмушунда жаңы этап башталганына ишенем. Биз азыр көрүп жаткан курулуп жаткан мектептер, жолдор, айлык акынын, пенсия менен жөлөк пулдун көтөрүлүшү, элдин казынасын толтуруу – буларга Кумтөрдүн кайтарылышынын түздөн-түз тиешеси бар».
«Мамлекетке олуттуу коркунуч туудурган дагы бир көйгөй кылмышкерлердин үстөмдүгү болгон. Бийликтегилердин аракетсиздигинен алар көп жылдар бою өзүнүн идеологиясын кеңири жайылтып келишкен. Бала бакчаларда да кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттеринин аналогдору деп аталган «старшаки» пайда болгон. Өлкө жетекчилигинин чечкиндүү жана жеткилең кадамдары бул кооптуу көрүнүштү жок кылды жана бул кайра кайтарылгыс деген ишеним бар».
«Кыргызстандын жетекчилиги да өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууда ийкемдүүлүктү жана саясий эркти көрсөтүүдө. Коңшулар менен тынчтык жана ынтымак концепциясы, уруш-талаштарды жана карама-каршылыктарды тынчтык, өз ара пайдалуу жана конструктивдүү ыкмалар аркылуу жеңүү коңшулар менен мамилелердин негизин түзөт. Бул бизге бир чөлкөмдө жашаган жалпы өткөн тарыхыбыздан калган көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет».
«3 жылда 30 өндүрүш ишканасы бул майрамда иш баштоого даяр турат. Бул символикалуу. Кыргызстан алдыга ишенимдүү кадам таштоодо”.