• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумда сөз сүйлөдү

17 Кулжа 2022 18:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун «Евразиялык экономикалык биримдик: интеграциянын жаңы сапаты» панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Санкт-Петербург экономикалык форумунун өзүнүн жүзү, салты бар жана биринчи кезекте экономикалык маселелер боюнча пикир алмашуунун эл аралык маанилүү аянтчасы болуп калды. Учурдагы жөнөкөй дүйнөлүк экономикалык конъюнктура Евразия экономикалык биримдигинин бардык мүчө-мамлекеттерине таасирин тийгизип, терс инвестициялык тенденция, экспорттун кыскарышы жана салттуу соода-экономикалык мамилелердин деформациясы менен мүнөздөлдү. Өсүп жаткан соода дисбаланстары жана инфляциялык басым макроэкономикалык туруксуздук коркунучуна алып келет.

Терс өзгөрүүлөр жаңы мамилелерди, дүйнөлүк экономикалык өнүгүүгө жаңы көз караштарды иштеп чыгууну талап кылат. Бул тараптан алып караганда, биздин интеграциялык бирикмебиз кризистик көрүнүштөрдү жеңүүдө өзүнүн туруктуулугун жана жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн белгилеп кетүү кубанычтуу», — деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикасына тышкы фактордун таасирин азайтуу жана туруктуулукту камсыз кылуу максатында биргелешкен чараларды кабыл алуу зарыл.

«Биздин бирикменин улуттук экономикаларынын мүмкүнчүлүктөрүн жана атаандаштык артыкчылыктарын пайдалануу биринчи кезекте инновациялык жана жогорку технологиялык өндүрүш потенциалын стимулдаштырууну камтышы керек. Биргелешкен ишканаларды түзүү менен өнөр жай тармактарында гана реалдуу кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу эмес, интеграциялык бирикменин өлкөлөрүндө өндүрүлгөн товарларды экспорттоону колдоо жана илгерилетүү боюнча инструменттерди жана механизмдерди киргизүү зарыл», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Тармактык өндүрүш темасына тийиштүү министрлер кабинетинин төрагасы евразиялык интеграциянын мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу иретинде инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлерди колдоо жана аларга дем берүү, ошондой эле тоскоолдуктарды жоюу боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 155