• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Россияга барат

18 Тогуздун айы 20249:25 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 19-21-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Москва шаарына расмий сапар менен барат.

Расмий сапардын жүрүшүндө минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстан министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.

Мындан тышкары расмий сапардын жүрүшүндө, эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулат.

Количество просмотров: 152