• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров селдин кесепеттерин жоюга багытталган штабдын жыйынын өткөрдү

15 Теке 202419:58 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасы чукул жыйында шаардын инфраструктурасын калыбына келтирүү, турак жайларга, социалдык объектилерге жана инфраструктуралык объектилерге жана ишкерлик жүргүзгөн субъекттерге келтирилген зыяндын эсебин тактоо боюнча тапшырма берди. Мындан тышкары, үйлөрүнөн эвакуацияланган жарандарды убактылуу турак жай менен камсыз кылуу тапшырды.

“Коопсуздук чараларын максималдуу түрдө күчөтүп, калкты табигый кырсыктардан коргоо зарыл. Акыркы окуялардан сабак алуу керек. Жергиликтүү бийлик дарыяларга жакын жайгашкан жерлерди жана сел жүрүүсү мүмкүн болгон кооптуу аймактарда жайгашкан эс алуучу жайларды иретке келтирүү маселелерин тартипке келтирүүсү зарыл”, – деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 107