• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Акылбек Жапаров Түркиянын элчилигине барып боордош элге көңүл айтты

10 Бирдин айы 2023 16:57 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, үстүбүздөгү жылдын 6-февралында орун алган жер силкинүүлөрдүн кесепетиндеги көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине боордош түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.

«Боордош элге адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыгына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргыз Республикасы кыйратуучу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда сиздерге колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деди Жапаров.

Эске салсак, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта эки жолу катуу силкинип, күчү 7,8 баллга жеткен. Соңку маалыматка караганда, Түркияда мерт болгондор 20 миңден ашты. Жер титирөө болгон аймакка 75 өлкөдөн 6479 куткаруучу топ келди.

Количество просмотров: 59