• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акылбек Жапаров: Валюта согушу жүрүп жатат

11 Жалган куран 2020 14:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, рублдин наркы түштү. Алсак, 1 доллардын баасы 3-4 сомго жогорулады. Буга байланыштуу «Бир Бол» фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров өзүнүн пикирин билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө валюта согушу жүрүп жатат.

«Биз билишибиз керек соода согушу жүруп жатат. Долларды дүйнө жүзү колдонуш үчүн анын авторлору улуттук банктарды ойлоп таппастан долларды мунайга байлап койгон. Бирок паникага алдырбашыбыз керек. Менимче 1 доллардын баасы 75 сомго барып токтошу мүмкүн. Эгер мындан да жогоруласа, доллар менен насыя алгандарга Өкмөт менен Улуттук банк жардам бериши керек»,-деди Жапаров.

Количество просмотров: 154