• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Акылбек Жапаров жаңы конгресс-холл кайсы жерге куруларын айтты

7 Жетинин айы 202422:51 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбордогу Эл чарба көргөзмөсүнүн жетишкендиктери — ВДНХ аталган тарыхый имарат бузула тургандыгын бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Акылбек Жапаров анын ордуна конгресс-холл куруларын кошумчалады. Аталган имарат мурда айланасындагы жери менен 49 жылга чет элдик инвесторго ижарага берилген. Инвестор түрдүү долбоорлорду аткарууга убада берип, бирок алар ишке ашпай, объекттер иштен чыгып калган.

Бул тууралуу мурда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев да маалымат берген. Ал жаңы курулган конгресс-холлдо 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөрүн да билдирген.

Белгилей кетсек, ВДНХ имараты азыркы президенттин администрациясы жайгашкан Ынтымак Ордонун жанында жайгашкан.

Количество просмотров: 270