• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акылбек Жапаров «Zijin Mining» кытай корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту

3 Жалган куран 2022 11:45 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Zijin Mining» кытай корпорациясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйынга «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун жана «Алтынкен» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги да катышты.

Белгилесек, 2011-жылдан тарта «Zijin Mining» тоо-кен корпорациясынын туунду компаниясы саналган «Supurb Pacific Ltd» компаниясы «Алтынкен» ЖЧК уставдык капиталынын 60% үлүшүнө ээ.

Жолугушууда Талдыбулак-Сол жээк алтын кенинин ишиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери талкууланды.

Количество просмотров: 96