Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров экономиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, интеллектуалдык потенциалы бийик жана өз кесиптик чөйрөсүндө ийгилик жараткан, кесиптик ишмердүүлүгүндө өзгөчөлөнгөн адамдарга Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Акылбек Жапаров сыйлык алгандарга, алардын жетишкендиктери үлгү болоорун жана Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө стимул экенин белгиледи. Өлкөнүн экономикалык жана интеллектуалдык күч-кубатын чыңдоо боюнча алардын ишинин маанилүүлүгүн кошумчалады.
“Сыйлык алгандардын арасында 40-50 жыл өмүрүн билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына арнаган эмгек сиңирген мугалимдер жана дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле коомдук демилгелерге жана кайрымдуулук долбоорлоруна активдүү катышкан бизнес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү бар”, — деди ал.
Ошондой эле президент тарабынан ыйгарылган класстык чиндерди мамлекеттик кызматкерлерге тапшыруу аземи да болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Акылбек Жапаров класстык чиндер аларды алган мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин жогорулатаарын белгиледи.