Бишкектин Биринчи Май райондук соту 20-мартта ырчы, акын жана активист Аскат Жетигенди 19-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камакка алды.
Адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш ишин козголгонун айтты.
Эске салсак, УКМК 16-мартта Аскат Жетигенди Кочкор районунан кармап, 48 саат камакка алган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны бошоткон.
Соттон кийин Аскат Жетиген бийликти сындаган дагы бир видео чыгарган.