Акын, Temirov Live жана «Айт-Айт-Десе» долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков эки айга камакка алынды. Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.
Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Массалык башаламандык уюштурган» деген шек менен 16-январда “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттерди кармап, алар 48 саатка камалышкан.