• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акын Дүйшөн Жапаров каза болду

21 Баш оона 2020 9:17 Бишкек Govori.TV

Таланттуу акын Дүйшөн Жапаров узакка созулган оорудан улам 61 жаш курагында каза болду.

Акын «Алайын десем көмүр кымбат, албайын десем өмүр кымбат», «Калыңым жок, каадам бар, кааданы билбес наадан бар» деген өңдүү саптары менен элдин эсинде калган.

Дүйшөн Жапаров 1959-жылы туулган. 1990-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүрүп, «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, Улуттук китепканада кызматкер болуп иштеген.

Жапаровдун сөөгү бүгүн, 21-августта Ат-Башыга, өзү туулуп-өскөн Кара-Суу айылына коюлат.

Количество просмотров: 208