Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев 83 жашында дүйнө салды.
Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-апрелде саат 10:00дө КТРКда өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.
Тенти Орокчиев Ысык-Көл облусунда Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда төрөлгөн. 1974-жылдан тартып 2002-жылга чейин Коомдук телерадиокорпорациясында эмгектенген.
Анын «Мекенимди даңктаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1978-жылы жарык көргөн.
1991-жылы Орокчиевдин кыргыздын акын-жазуучулары менен курган радио маектери китеп болуп басылып чыккан.
Ал Кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерк, композиция, эссе жана маек сыяктуу радио чыгармаларды камтыган 3,5 миңге жакын уктуруу даярдаган.