Акын жана журналист Гүлжамила Шакирова 68 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Маркумдун кесиптештери акындын каза болгону тууралуу суук кабарды 25-июнь күнү эртең менен угушканын «Азаттыкка» билдиришти.
Гүлжамила Шакирова 1955-жылы 28-декабрда Нарындын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында иштеп, «Казына» чыгармачылык бирикмесинде «Нуска» аттуу автордук программасын, «Дил жаңырыгы» программаларын радио эфирге даярдап, алып чыккан.
1987-жылы «Сапардагы каркыра» деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.
1991-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кол өнөрчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Маркум менен коштошуу зыйнаты качан жана кайсы жерде болору, сөөгү кай жакка коюлары азырынча маалымдала элек.