Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындарынын айтымында ал акыркы күндөрү ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткан.
Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолунун 33 жылын милицияга арнаган. ИИМдин басма сөз кызматында иштеп жүрүп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетте, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.