Акындар Баян Акматов менен Кубат Тукешов Кыргызстанга турнир өткөрүү үчүн келген мушкер Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбулла Магомедовго орус тилинде ыр төктү. Бул тууралуу видеону төкмө акын Баян Акматов социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.
«Орусча кошпосок укпайт эле. Эмкисин англисче»,-деп жазган Акматов.
Эске салсак, UFC уюмунун жеңил салмак категориясындагы мурдагы чемпион Хабиб Нурмагомедов менен блогер Хасбик Кыргызстанга 8-август күнү келген. Алар Бишкекте өткөн турнирге ардактуу конок катары катышты.