• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Нурмагомедов: Кыргызстанга келишим Көлбаевдин туулган күнү менен байланыштуу эмес

4 Баш оона 2021 17:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарында «UFC» мушташ уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону, белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов маалымат жыйын берип жатат.

Жыйында Нурмагомедов кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланыштуу суроого жооп берип, өлкөгө келгени Камчы Көлбаевдин туулган күнү менен байланыштуу эмес экенин белгиледи.

«3-августта Чолпон-Атада өткөн турнир 27-июлда өтүшү керек болчу. Бирок Лос-Анжелестеги турнир жылдырылганына байланыштуу бул жактагы турнирдин дагы датасын жылдырууга туура келди. Мен Лос-Анжелестен 2-август күнү түндө учуп келдим, Турнирди өткөрдүк. Эч кандай байланыш көргөн жокмун», — деди мушкер.

Белгилей кетсек, мурунку чемпион Хабиб Нурмагомедовго таандык Eagle Fighting Championship (EFC) боюнча аралаш мушташ боюнча мелдеш биринчи жолу Чолпон-Ата шаарында өттү. Ага атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов өзү катышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга алгач 2018-жылы келген. Анда ал Кыргызстанда  атактуу экенине таң калган.

Количество просмотров: 453