• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 3-августта келет

6 Теке 20219:14 Бишкек Govori.TV

UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга 3-август күнү келет. Бул тууралуу мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга «Eagle Fighting Promotions» лигасын өткөргөнү келет жана ал Ысык-Көлдө өтөрү кабарланды.

«Кыргызстан жакында көрүшөбүз», — деп жазды мушкер.

Эске салсак, Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө 2018-жылдын январь айында атасы Абдулманап Нурмагомедов менен чогуу келип кеткен. Бишкекте өткөн жолугушуудан кийин ал Кыргыз эли менен Дагестан элинин окшоштугу — мырзалардын балбандыгында экендигин жана өзүнүн Кыргыз жеринде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

Количество просмотров: 150