• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Кыргыз почтасы» мушкер Хабибдин атасынын урматына марка чыгарды

12 Баш оона 2022 10:32 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз почтасы» ишканасы жеңил салмактагы мурдагы UFC чемпиону, орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун маркум атасы Абдулманаптын урматына марка чыгарганын билдирди.

Аталган ишкана тараткан видеодо «Кыргыз почтасынан» жетекчиси Марат Черикчиев орусиялык спортчу менен жолугушууда ага ыраазычылык билдирип, анын атасы бир катар атактуу спортчуларды тарбиялаганын, мындан улам анын урматына марка чыгарылганын айткан.

Бул окуя ушул тушта социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат жана аталган ишкана азырынча дооматтарга жооп бере элек.

Андан сырткары Нурмагомедовдун президент Садыр Жапаровдун уулу менен түшкөн сүрөтү дагы талкууланууда.

Количество просмотров: 234