Алмазбек Атамбаевдин убагында куугунтукталган журналист Адилет Айтикеевдин иниси быйыл август айында, Кой-Таштагы окуядан кийин «Апрель» телеканалынын журналист Мирбек Айтикеев дагы өлкөдөн чыгып кеткен.
Учурда Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экени маалымат булактарына жарыяланды. Айрымдар журналист башка өлкөдөн башпаанек алып кеткенин айтышууда.
Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгон аралыкта журналистика тармагы бир топ эле кысымдарга кабылды десек болот. Кыргыз журналисттеринин арасында жазган материалдарынан улам куугунтукка алынып, башка өлкөгө башпаанек алып кеткендери да бар.
Мисал катары акыркы беш жыл аралыгында башка өлкөгө чыгып кеткен журналисттерди тизмектеп көрдүк.
Адилет Айтикеев — “Искра” гезитинин редактору, журналист.

Журналист 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. “Искра” гезитинин редактору Адилет Айтикеев Жаныш Бакиевден маек алгандан кийин куугунтук күчөп, белгисиз адамдар үйүн акмалап, телефон аркылуу ачык коркутуулар, автоунаасынын артынан түшүп алуулар болгонун кошумчалаган. Айтикеев адам укуктарынын сакталышы Кыргызстанда начарлап баратканын билдирген эле. Учурда Айтикеев АКШда экени маалым.
Улугбек Бабакуловду — журналист.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабакуловго «Фергана.ру» сайтына жазган макаласында «улут аралык кастыкты козуткан» деген шек менен 2017-жылы кылмыш ишин козгогон. Бабакулов бул айыпты четке каккан.
Журналист жеке коопсуздугуна байланыштуу ошол эле жылы жайында Кыргызстандан чыгып кеткени кабарланган. Учурда ал Францияда жашайт.
Эльнура Молдокадырова — КТРКнын «Ала-Тоо» маалыматтык көрсөтүүсүнүн мурунку кабарчысы.

Эльнура Молдокадырова «эшек эти» боюнча чуулгандуу материалы аркылуу калың элге таанылган жана ушул эле материалы үчүн ар кимден түрдүү пикирлер айтылып жатканын билдирген.
2017-жылдын күз мезгилинде Эльнура Молдокадырова жана анын күйөөсү КСДП партиясынын жаштар канатынын мурунку лидери Ренат Самудинов АКШдан саясий башпаанек сурашкан. Учурда Эльнура Молдакадырова АКШда жашаган мекендештерибиздин жашоо-шарты тууралуу видеоблогдорду тартат.