Акыркы бир аптада 17 миң 406 жол эрежесин бузуу аныкталды
Акыркы бир аптада 17 миң 406 жол эрежесин бузуу аныкталды
12 Бугу 2022 11:00 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда акыркы бир аптада 17 миң 406 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен:
транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3378;
транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 242;
транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 6008;
транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 25;
Автоээнбаштык – 4;
жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1055;
ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 111;
жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5463;
айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 55;
мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 229;