• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМ: Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу сакталууда

24 Чын куран 202610:26 Бишкек Govori.TV

Өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан тышкары, 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты сактоо менен кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 136