• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды

30 Жетинин айы 202310:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды, аларды өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда бир тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болгон. Куткаруучулар Бишкек жана Чүйдө бекилип калган батирлердин эшигин ачып беришкен.

Количество просмотров: 81