• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акыркы суткада 32 адамдан COVID-19 табылып, каза болгондор катталган жок

8 Бештин айы 2021 10:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 15, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 67 адам илдеттен сакайып чыгып, каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 358 бейтап, амбулатордук түрдө 364 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 744 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 777 киши айыгып чыкса, 2 миң 762 адам каза болду.

Количество просмотров: 79