• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Акыркы суткада 8 өрт кырсыгы катталды

26 Тогуздун айы 20219:56 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош обусунунун Кара-Суу районундагы Түштүк-Темир ишканасына таандык имараттын эки чарчы метр жыгач полу, жумшак эмерек жана палас күйгөн.

«Ысык-Көлдүн Каракол шаарында “Ауди С4” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаардык ооруканасынын кароосуз калган 200 чарчы метр кампасы толугу менен күйгөн»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн себептери такталууда.

Количество просмотров: 128