• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акыркы суткада 98 адамдан COVID-19 табылып, эки бейтап каза болду

15 Тогуздун айы 2021 9:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-октябрга карата коронавирус дагы 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 74, Чүй облусунда – 11, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 94 адам илдеттен сакайып чыгып, эки бейтап кайтыш болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 576 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 179 миң 681 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 501 киши айыгып чыкса, 2 миң 629 адам каза болду.

Количество просмотров: 57