Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал, коронавируска байланыштуу маалымат угулуп жатат. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кыскача баяндама жасагандан кийин кезек суроолорго берилди.
Депутат Махабат Мавлянова («Республика—Ата Журт») Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлүнөн Кыргызстанга келген жарандар боюнча акыркы маалымат тууралуу сурады.
Чек ара кызматынын өкүлүнүн айтымында, акыркы суткада Кыргызстанга Кытайдан 17 адам, Япониядан 1 адам, Түштүк Кореядан 17 жаран келди.
«Биз бул жарандарды бекитилген тартип боюнча медицина кызматкерлерине өткөрүп беребиз», — деди өкүл.
Ал эми саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев медицина кызматкерлери белгиленген алгоритим боюнча иштей турганын кошумчалды.