• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

«Аль-Насрга» которулган Криштиану Роналдуну расмий тааныштыруу аземи өттү

4 Үчтүн айы 202315:52 Бишкек Govori.TV

Криштиану Роналдунун Сауд Аравиядагы Аль-Насрга келиши салтанаттуу иш чара менен коштолуп, күйөрмандарга аталган команданын мүчөсү катары расмий тааныштырылды.

37 жаштагы португалиялык жылдыз эки жарым жылдык келишимге кол койгон.

«Криштиану Роналдунун «Аль Насрдагы» кепилдик берилген футболдук маянасы жылына 90 миллион доллардын тегерегинде болот.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары португалиялыктар болжол менен 200 миллион евро, ал эми айлык маянасы 70-75 миллион еврого жакын болорун жазып чыгышкан. Бул киреше Криштиануну дүйнөдөгү эң көп маяна алган футболчу кылат.

Жылдыздын Сауд Аравия командасына которулушу клубдун социалдык тармактагы баракчаларынын популярдуулугун арттырган.

Количество просмотров: 1033