• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ал жашаш керек болчу». Казакпаевдин жубайы үн катты

11 Кулжа 2022 9:53 Бишкек Govori.TV

Мараттын абалы оор болгонуна карабай, аны абакта кармашты. Бул тууралуу Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева «ПолитКлиника» медиасына билдирген.

«Анын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө ал каза болбойт болчу. Ал жашаш керек болчу. 2 жаштагы баласы бар, аны ким багат? Ага карата кыйноолор болгон», — деди Анар Казакпаева.

Эске салсак, Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси (мамлекетке чыккынчылык кылуу) менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 2022-жылдын 9-мартында сотко чейинки тергөө аяктап, ишти кароону Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп беришкен.

Буга чейин саясат талдоочунун жубайы ага медициналык жардам өз убагында берилбегенин айтып чыккан. Аны абакта кармоо шарттарына нааразычылыгын билдирип, 2021-жылдын 4-майында ошол кездеги омбудсмен Токон Мамытовдун наамына арыз жазган. Анын негизинде Токон Мамытов Марат Казакпаев жаткан абакка барып, андан кабар алган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакпаев бир катар жагдайлар жана ден соолугу боюнча даттанган. Айтылган маселелер боюнча чара көрүүнү талап кылып, Акыйкатчы институту УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ошол жылдын 31-майында кат жөнөткөн.

УКМКнын тергөө абагына камакка алынган саясат талдоочу 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталда дарыланып, кардиологияга жаткырууга негиз болбогондуктан кайра абакка алып келинген.

Азыр Акыйкатчынын кеңсеси саясат талдоочуга медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана анын бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнүн териштирүүдө.

Количество просмотров: 903