Саясат талдоочу Марат Казакпаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Казакпаев каза болуп калганына байланыштуу анын иши кыскартылган.
Эске салсак, Марат Казакпаев 9-июнда УКМКнын абагынан ооруканага эс-учун жоготкон абалда которулуп, эртеси көз жумган. Ал былтыр апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген шек менен кармалган.
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүлгөн.