Аламүдүндөгү Төмөнкү Ала-Арча айылында 2 жигит сабалганын бүгүн, 23-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
19 жаштагы Ж.А. менен А.У. милиция кызматкерлерине 20-декабрда кайрылган. Алардын айтымында, айылдагы дүкөндүн жанында түн ичинде токмок жешкен. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, бул факт бейбашчылык болуп катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 49 жаштагы О.К. жана 23 жаштагы О.М. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Учурда зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Мушташтын видеосу соцтармактагы баракчаларга жарыяланган.