“Ала-Арча” соода жана оюн-зоок борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор кабарлашууда.
Маалыматка ылайык, имараттын чатырынан түтүн чыгып баштаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча комментарий бере элек.