• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ала-Арча суу сактагычынан эркек кишинин жансыз денеси табылды

27 Бугу 20229:24 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымтка ылайык, «112» кызматына Биринчи май районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушуна жакын жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«Кырсык катталган жерге 4 куткаруучу жана кошумча Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында суучулдар тарабынан Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 274