Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик бир катар объектилерди, анын ичинде Бишкек шаарындагы “Ала-Арча”, “Томми молл” соода-оюн-зоок борборлорун сатыкка чыгарды.
Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан “Ала-Арча” соода борбору 10 740 чарчы метр жери менен 1 млрд 244 млн 312 миң сомго аукционго коюлду.
“Ала-Арча” Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге таандык болгон. 2020-жылдын 10-июнунда Биринчи май райондук соту Аскарбек Шадиевди “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган.
УКМК 2024-жылдын апрель айында “Томми моллдун” 1257,5 чарчы метр аянты мамлекетке алынганын билдирген.