• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Ала-Тоо аянтындагы митинг. Жаракат алгандар бар (түз эфир)

5 Тогуздун айы 202021:14 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ала-Тоо аянты митингчилерден тазаланды. Аянттын тегерегинде милиция митингчилерди көздөн жаш агызуучу жана кулак тундуруучу каражаттарды колдонуп таратуусун улантууда.

Киев көчөсүндө күч органдары менен акцияга чыккандардын отосунда кагылышуу орун алган. Маалыматтар боюнча жаракат алган жарандар бар. Жеринде иштеп жаткан кабарчыларыбыздын маалыматында жаракат алган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды. Алар шайлоо ыплас өткөнүн белгилешти.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айтты. Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирди

Количество просмотров: 252