• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Ала-Тоо» аянтында Айсулуу менен Акжолдун беттеши чоң экрандан көрсөтүлөт

3 Баш оона 2021 12:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-августта борбор калаанын «Ала-Тоо» аянтында Олимпиада оюндарына катышып жаткан балбандардын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп чоң экрандан көрсөтүлөт.

«Бүгүн бизди эң кызыктуу беттештер күтүп жатат. Биздин балбандарга бирге күйөрмандык кылып, сүрөп алалы. Жалпы кыргыз эли үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Балбандарыбыздын беттештерин Ала-Тоо аянтында атайын орнотулган экрандар аркылуу көрө аласыздар»,-деп жазды ал.

Ошондой эле «Азия Молл» соода борборунда дагы фан-зона уюштуралат

Кошумчалай кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль үчүн күрөшсө, Айсулуу Тыныбекова жарым финалда килемге чыгат. Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күч сынашат.

Количество просмотров: 218