• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Ала-Тоо» аянтында Жапаров эл менен жолугат. Даярдыктар кызуу жүрүүдө (фоторепортаж)

11 Үчтүн айы 202113:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында майрамдык иш-чара болот. Ага Садыр Жапаровдун келиши күтүлүүдө.
Аянттын чок ортосуна сахна жана музыкалык жабдыктар орнотулганын көрүүгө болот.

Уюштуруучулар дагы аталган маалыматты ырастап, иш-чара тууралуу бардык мамлекеттик органдарга билдиришкенин айтышты.

Бишкектеги Чүй көчөсүнүн Эркиндик көчөсүнөн тартып Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилип, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздап турушат. Мындай чектөө бүгүн, 11-январда саат 13:00дөн тарта кечке чейин улана турганы белгилүү болду.

Количество просмотров: 192